Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Ормонов жаңы вице-премьерге суроо бере албай калганына ачууланды

Иса Өмүркулов кесиптешине чечим кабыл алынып калганын айтты

Парламенттин жыйынында депутат Иса Өмүркулов жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын ачыктап, ага ылайык Акрам Мадумаровдун талапкерлиги вице-премьерликке жактырылганы маалым болду.

Андан соң ал жыйынды комитетте улантууну сунуштады.

Депутат Улугбек Ормоновду мындай жагдай ачуулантып жиберди.

- Биз ким кандай добуш бергенин көргөн жокпуз го, - деп ал Өмүркуловго кайрылды. Силер гана көрдүңөр. Бул туура эмес. Мухаммедкалый Дуйшекеевич, Мадумаровду кайсы фракция сунуштады?

Ал эми Иса Өмүркулов кесиптешине чечим кабыл алынып калганын айтып жооп берди.

Эске салсак, депутаттар Акрам Мадумаровдун талапкерлигин Кыргызстандын вице-премьер-министрлигине жактырышты.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх