Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары өкмөттү күйүүчү майдын аткезчилик жолу менен ташылып жатканына көңүл бөлүүгө чакырды

Улан Примов күйүүчү майды мыйзамсыз алып-сатуу экономика үчүн эле эмес, адамдардын өмүрү үчүн да кооптуу деген пикирде

Кыргызстанда бензинди аткезчилик жол менен ташуу эч кайда кеткен жок, ал эми көмүскө экономика тамырын жаюуну улантууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Улан Примов билдирди.

Мисал катары парламент мүчөсү өлкө аймагында үч күндүн ичинде чыккан үч өрттү келтирди.

- Алардын ар биринде себеп - күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу болгон, - деди Примов. - Контрабанда жоюлбаганына дагы кандай далилдер керек? Биздин түзүмдөр кайда карап жатат? Эмнеге эч кандай реакция жок? Өлкөнүн экономикасы жапа чегип жатканы аз келгенсип, күйүүчү майды мыйзамсыз сатан адамдар өздөрү менен кошо элдин дагы өмүрүнө коркунуч жаратууда. Өкмөттү буга чара көрүүгө чакырам.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх