Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Нышанов: Жогороку Кеңештин трибунасынан бардыгыбыз бир тилде сүйлөшүбүз керек

Парламент мүчөсү кыргыз тилинин жети дубанга тиешелүү жети диалекти улутка кедергисин тийгизип жатат деген пикирде

Кыргызстанда жети дубан бар болсо, алардын ар бири өз тилинде сүйлөйт, бул улана берсе жакында улут деле калбайт го. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

- Мага илимдин докторлору, улуу энелерибиз, агаларыбыз кайрылып, ушул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүүнү суранышкан, мен ошону аткарып жатам, - деп тактаган ал. - Биздин ар бир облусубуздун өзүнүн диалекти бар, керек болсо учурашканды билбей калды элдер. Мыйзам чегинде токтом кабыл алып, бир тилде сүйлөгөндөй болушубуз керек. Бул парламентке дагы тийиштүү. Өз үйлөрүндө өздөрүнүн диалекти менен сүйлөшсүн, бирок, жыйындар бир тилде өтсүн. Антпесе, биз жакында улуттук тилибиз жок калып, улут катары деле жоголуп кетишибиз мүмкүн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх