Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«ТИМдин өзүндө иштеген толтура профессионалдар турса, жетекчилик кызматтарга сырттагы адамдарды дайындашат»

Дастан Бекешев тышкы саясатты тескеген мекемедеги кадрдык «чехардага» кыжырданды. Эксперттер да депутаттын пикирине кошулат

КРнын ТИМинде көптөгөн профессионалдар эмгектенет, бирок, жетекчилик кызматтарга сырттагы адамдарды дайындашат. Бул жагдай кыжырга тийбей койбойт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, жарандык активист Адиль Турдукулов бөлүштү.

- Мен өзүм дагы ТИМде иштегем жана менин жеке көз карашымда ал жерде башка көптөгөн мекемелерге караганда чыныгы кесипкөйлөр көп иштейт, - деп белгиледи ал. - Өзгөчө, бул орто топтогу кызматкерлерде байкалат. Ал жерде иштөө абройлуу жана ал жакка жумушка кирип, чет өлкөдө узак мөөнөткө иш сапарына кетем деп үмүт арткан жаштар абдан көп. Ал эми негизинен ТИМде биздин өлкөнүн чыныгы патриоттору отурат. Анткени, алардын айлыктары абдан төмөн да, чынында Чет өлкөдө иштегенде гана ТИМчилер жакшы айлыкка жетишет.

Турдукулов тышкы саясатты тескеген мекеменин өзүндө жакшы кадрлар турса, эмнеге жетекчилик кызматка башка тармактагы адамдарды дайындашары түшүнүксүз экенин кошумчалады.

- Статс-катчы - бул спецификалык кызмат, андагы жумуш негизинен мекеменин ички кадрдык саясатына багытталган. Буга байланыштуу, мекемеде буга чейин иштеп келген адам бул кызматта жакшы иштери айтпаса да түшүнүктүү, - деп тактады ал. - Нуржан Бардинованы статс-катчылыкка дайындоого Чыңгыз Айдарбеков катышпагандай эле сезилет. Анткени, ал буга каршы чыкмак деген пикирдемин. Элчилерге байланышкан абал да мышык ыйларлык. Буга чейин президент кокустан келген адамдар дипломат болбошу керек деп айтты эле, андан кийин эле Бекназаров Малайзияга элчи болуп учуп кетти.

Тактай кетсек, ЖК депутаты Дастан Бекешев ТИМде жүрүп жаткан кадрдык «чехардага» ачуусу келип, социалдык тармакка бул тууралуу жазган эле.

 

Сөз Нуржан Бардинованын ТИМдин статс-катчылыгына дайындалышына байланыштуу болуп жатат. Буга чейин ал Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикте ушундай эле кызматта иштеп келген.

Өз кезегинде Дипакадемиянын экс-проректору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде кадрларга байланышкан көйгөй бардык эле мекемелерде бар экенин белгиледи.

- Бизде ветеринарды вице-премьер кылып жаткандан кийин иштин бүткөнү ошол да, - деп ал Акрам Мадумаровду сөз кылып баш чайкады. - Баса, Мадумаровдун өмүр баянында ал Дипакадемияны 2013-жылы аяктаган деп жазылып турат, демек ошондо ал 2010-жылы ал жакка тапшырган болуп калат. Мен, 2016-жылга чейин ал мекеменин проректору болуп иштеп, аны бир дагы жолу көргөн эмесмин. Кантип аяктады - белгисиз. А премьер болсо ал дипломат, чек ара маселелерин семичкедей чагарын айтып мактанды.

Кайрат Медербекович бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы саясатында көптөгөн көйгөйлөр бар экенин кошумчалап, ТИМдеги жетекчилик кызматтарга тажрыйбалуу кишилер иштесе жакшы болмоктугун кошумчалады.

- Биздин тышкы иштер министри саякатчыга окшоп, качан болбосун иш сапарларында жүрөт, ал эми дипломаттар коңшу Казакстан менен көйгөйлөрдү чече албай отурсак, картада көрүнбөгөн өлкөлөр менен мамиле куруп отурушат, - деди ал. - Дагы башка бир мисал: Кытайды вирус каптап жатса, биз дайыма жалбарып грант сурап жүргөн коңшу мамлекетке жардам берүүнү ойлоп дагы койгон жок. Жок дегенде таза суу менен учак жиберсе болот го. Кытай тез эле өз көйгөйлөрүн чечип алат, а биз болсо колунун учун да кыймылдатып койбогон өлкөлөрдүн тизмесине жазылып калабыз.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх