Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мар Байджиев: Адабий кыргыз тилининин өзөгүн Ысык-Көлдүн диалекти түзөт

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер депутат Нышановдун сунушун колдобосун билдирди

Аткаминерлер трибунадан кыргыз тилинин каалаган тилинде сүйлөй алышат. Белгилүү драматург, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мар Байжиев ЖК депутаты Сайдулла Нышановдун «коомдук жайда эл алдында чыккандар, өзгөчө парламент мүчөлөрү бир тилде сүйлөшү керек» деген сөзү боюнча ушундай пикирин билдирди.

- Биздин тилде диалектилердин болушу бул табигый көрүнүш, - деди Мар Ташимович. - Трибунага чыккандар алардын каалагында сүйлөй берсе болот, андан сөздүн мааниси өзгөрбөйт да. Адабият, көркөм чыгармалар жана документация - башка маселе. Адабий тилинде гана жазып, иштөө керек.
Биз университте диалектологияны атайын өтчүбүз. Адабий тилдин өзөгүндө ысык-көлдүк диалект жатат. Биринчи агартуучулар жана көптөгөн жазуучулар ошол жактан. Айрым учурда сөздү кооздоо үчүн дал ушул диалектилер колдонулат.

Өз кезегинде кыргыз таануучу Мелис Мураталиев Vesti.kg сайтына берген маегинде бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунда эне тилинде сүйлөп, окууга стимул жок экенин белгиледи.

- Бизде азыр тил маселеси негизинен эле өтө курч турат, - деди ал. Ал мамлекеттик деген макамга канчалык деңгээлде жооп берет? Азыр тил кагаз жүзүндө эле колдонулуп калды. Ал эми, иш жүзүндө өсүп келе жаткан муундун эне тилин окууга эч кандай стимулу жок. Башкы маселе - тилибизди өнүктүрүү, ал эми диалектилер өңдүү суроолор анын ичинде болот. Биздин бардык мыйзамдар орус тилинде жазылып, кийин кыргызчага которулат. Котормолордо туура келбеген учурлар кездешип, андан мыйзамдын мазмуну жоголуп кеткен учурлар дагы болгон.

Тактай кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов кыргызстандыктарга, өзгөчө парламент мүчөлөрүнө бирдей тилде сүйлөөнү сунуштаган. Анын айтымында аксакалдар жети дубандын эли жети башка тилде сүйлөп жатканына ага арызданышкан. Эл өкүлү кесиптештеринен диалектилерди
үйлөрүндө колдонууну суранган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх