Асылбек Жээнбеков: Эгерде биз үйлөрдө мал союуга тыюу салсак, анда кыргыз болбой калабыз
Парламент мүчөсү айрым учурларда сөзсүз мал союулушу керек деп эсептейт
ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков парламенттин профилдик комитетинин жыйынынын учурунда эгерде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция элге үй шартында мал союуга тыюу салса, анда кыргыз кыргыздыгын жоготорун айтып чыкты. Бул тууралуу «Super.kg» порталы жазды.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов «Жаныбарларды коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча баяндама берип жатканда эл өкүлү ага:
«Сиз үйлөрдө мал союлбаш керек деп айттыңыз. Анда биз кыргыз болбой калабыз да. Балдарыбыз мал кантип союларын билбей калышат. Биз, кыргыздар мал союуну унутпай келе жатканыбыз менен айырмаланабыз да. Ал эми, этти сатууга чыгарса анда башка кеп. Жамандык-жакшылыктарда текшерилген малды сойсо болот да», - деген Жээнбеков.
Фото www
Комментарии