Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эркексиңби? Көчөгө чык». Ошто жолугушуу өткөрүп жаткан активисттерге шаардан чыгып кетүүлөрүн талап кылышты (видео)

 Улан Үсөйүн милицияга арыз менен кайрылмакчы

Кечээ Ош шаарынын жашоочулары түштүк калаага «#валитьнельзяостаться» темасындагы иш-чара өткөрүүгө Бишкектен келген жарандык активисттерге шаардан чыгып кетүүлөрүн талап кылышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына активисттердин бири Улан Үсөйүн билдирди.

- Биз Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандар көргүбүз келет, ушул тууралуу ойлорубуз менен бөлүшүп жатканбыз, - деди ал. - Эмнеге биздин жаштар өлкөдөн кетип жатат эана өлкөнүн өнүгүшү үчүн эмне кыла аларыбыз тууралуу дагы сүйлөшмөкчү болгонбуз.

Активисттин айтымында, жолугушуу учурунда спорттук дене түзүлүшкө ээ жаш жигиттер залга кирип, аларды көчөгө чакырышкан.

- Алар бизге: «Сен эркексиңби? Көчөгө чык», - дешти дейт Үсөйүн. - Бизди кууп жаткан учурда камерага тарта албай калдык. Андан кийин түн ичинде алар эмнегедир бизди мейманкананын түбүндө кайтарып жатышты. Мен бул факт боюнча бүгүн милицияга арыз жазам.

Мындан сырткары, Ширин Айтматова өз баракчасына колдонуучу айымдардын биринин жазган пикирин жарыялаган. Анда колдонуучу гей-параддын уюштуруучулары менен феминисткалар Ош шаарына барышарын жазып, оштук жигиттерден «жакшылап аларды узатып коюуну» суранган.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх