Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев: Үй-бүлөдө бир эле адам саясат менен алектениши керек (видео)

«Ата Мекендин» лидери кызы Айданек шайлоого катышпай турганын билдирди

Учурда интернет айдыңында «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек Текебаеванын Талас облусунун жашоочуларынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзү тарап жатат.

Көптөгөн колдонуучулар саясатчынын кызын атасынын жолун жолдоп, саясатка аралашайын деген го деп божомолдошкон.

Ал ортодо Өмүрбек Текебаев Vesti.kg сайтына бул боюнча комментарий берип, кызы Айданек анын тарапташтарына атасынын салам дубайын жеткирүү үчүн Таласка барганын билдирди.

- «Ал саясатка аралашмай болуптур» деген сөздөр эми ашкере катуу айтылган, - деп белгиледи Өмүрбек Чиркешович. - Ал чынында Таласка биздин партиялаштарыбызга биздин саламыбызды жеткирүү үчүн барган, мен анткени азыр үй камагында болуп, аймактарга чыга албайм да. Мисалы, Жалал-Абаддагы партиялык конференцияга мен видео кайрылуу жөнөтүп жибергем. Нарынга Наталья Никитенко менен Асия Сасыкбаева дагы барып, менден салам айтып барышкан. Тилекке каршы, белгилүү бир себептерге байланыштуу алар Таласка бара албай калышып, мындан улам жаштар менен кошо менин кызыма барууга туура келди. Бул анын аймактарга өз алдынча чыккан биринчи сапары болду. Абдан чоң таасир менен кайтты. Биздин партиялаштарыбыз ага өз көйгөйлөрүн айтып, өкмөткө жеткирүүбүздү суранышыптыр. Элдин ушундай ишеними жана алардын көйгөйлөрү Айданекти абдан таасирлентиптир.

Муну менен бирге Текебаев анын кызы шайлоодо катышпай турганын, бирок, ал партиянын активдүү мүчөсү экенин баса белгиледи.

- Башкача болушу дагы мүмкүн эмес - эгерде үй-бүлөсү лидерди колдобосо, анда ал лидерлермин деп өзүн айтпай эле койгону оң, - деди саясатчы. - Азырынча менин кызым саясий ишмердүүлүгүн улантабы-жокпу белисиз. Бирок, биздин үй-бүлө бир үйдөн бир эле киши саясат менен алектениши керек деп эсептейт.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх