Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ШИИБсин Минюстта ЖЧК катары каттап коюшкан (фото)

Мекемеде сайтта техникалык катачылык кеткен деп түшүндүрүштү

Фейсбук социалдык тармагында Александр Мельников аттуу колдонуучу Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий сайтында шаардык милиция ЖЧК катары катталып турганын тастыктаган скриншоттү жүктөгөн.


Vesti.kg бул боюнча Минюстка кайрылып, алар сайтта техникалык катачылык кеткенин айтышты.

- Юридикалык жактарды каттоо боюнча жумуштардын көптүгүнөн сайтта техникалык ката пайда болуптур, - деп түшүндүрдү министрликтин басма сөз катчысы Офелия Абышева.

Кийинчерээк интернетте оңдолгон варианттын скриншоту пайда болгон.



Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх