Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Саркарбаев: Мен мэрден териштирүү бүткүчө убактылуу мени жумуштан кетирип турууну сурандым

Эрежесиз эр уруш мушкери президентке кайрылып арызданган Ош шаарынын спорт комитетинин башчысы мекендештерине кайрылды

Эрежесиз эр уруш боюнча белгилүү мушкер Төлөгөн Рахманберди уулу «сабап, өлтүрөм деп коркутту» деп арызданган Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинн төрагасы Кылычбек Саркарбаев ээлеген кызматынан кетти.

Саркарбаев социалдык тармакктарда убактылуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди өзү кабыл алганын жазып, мэрге бул боюнча сунуш киргизип, ал анын бул чечимин туура деп көргөнүн айткан. Ошондой эле Саркарбаев ал бул кызматка 2015-жылы келгенин, ошондон бери спортчуларга колдоо көрсөтүп, алар дүйнөлүк мелдештерге чейин чыгып, Ош шаарынын атын чыгарышканын кошумчалаган.

Эске салсак, өтүп кеткен дем алыш күндөрү мушкер Төлөгөн Рахманбердинин видео кайрылуусу интернетте пайда болгон.

Анда спорту президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков аттуу адамга чара көрүүнү суранган.

Төлөгөн Рахманберди2019-жылдын сентябрында бутуна ок тийип, ооруканага түшкөн. ЖМКлар аны Саркарбаев атканын жазышкан. Бирок, жабырлануучу кийин өзү бул сөздөрдү четке кагып, өзүн өзү кокустан атып алганын билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх