Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөндө жашаган аялдын үйүнө белгисиз адамдар келип, 1000 сомго Ош шаарында добуш берүүнү сунушташкан

«Үйлөрдү кыдырып башташыптыр жанталашып!!! Эмне болуп кетишер экен! БШКда бирдеме кылайын деген ой барбы деги?»

Ош облусунда белгисиз адамдар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү үчүн акча сунуштап жатышат. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева жазып чыкты.

Анын айтымында, 14-февралда анын апасынын үйүнө кандайдыр-бир адамдар келип, паспортунун көчүрмөсүн сурашкан.

«Апам келиптир, биз Өзгөндөгү Мырза-Арка айылында жашайбыз. 14-февралда бир балдар келип, 12-апрелде Ош шаарында добуш бериш үчүн 1000 сом сунуштап, паспортунун көчүрмөсүн сурашыптыр. Айылдарды кыдырып, паспорт чогултуп башташыптыр! Мен алар туугандарынан же классташтарынан эле чогултса керек деп жүрүптүрмүн. Жанталашып үймө-үй кыдырганга жетишиптир! Эмне болуп кетишер экен! БШКда бирдеме кылайын деген ой барбы деги? Башкы каналдан жок дегенде эскертүү берип коюу мисалы?», - деп жазган ал.

Vesti.kg бул боюна Борбордук шайлоо комитетинин басма сөз кызматына кайрылып, алар учурда кеңешме өтүп жатканын айтышты. Мекемеден кийинчерээк жооп беришерин билдиришти.
Ош ИИБ дагы бул жагдай боюнча кийинчерээк жооп берерин Vesti.kg сайтына билдирди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх