Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Буга чейина ал аймактын башчысынын биринчи орун басары кызматын ээлеп келген

Абдрахманов Алишер Орозбаевич өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына өкмөттөн ырасташты.

Белгилүү болгондой, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Буга чейин бул кызматты 12-февралда вице-премьерликке отурган Акрам Мадумаров, ээлеп келген.

Алишер Абдрахманов 1999-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик унивуерситетин «юрист» адистиги боюнча аяктаган.

Абдрахманов 2018-жылдын 4-декабрында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгы менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх