Кыргызстанда 30дан ашык прокурорлор жоопкерчиликке тартылды
Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлдү
Прокуратура органдарынын 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча жол берилген мыйзам бузуулар үчүн прокуратуранын 30дан ашык кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Тийиштүү жарлыкка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койду.
24 прокурорго, алардын ичинде облустук прокурорлорго жана Бишкек менен Ош шаарларынын прокурорлоруна дагы сөгүш жарыяланды.
Мындан сырткары, прокуратура органдарынын 4 кызматкерине мыйзам бузууларга жол бербөө жөнүндө алдын ала эскертүү берилип, 7 кызматкерге эскертүү берилген.
Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлдү.
Бул чечимдер прокурордук көзөмөлдүн солгундашы жана айрым прокуратуралардын жетекчилери менен кызматкерлери тармактык буйруктарды жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктарына байланыштуу коллегия тарабынан сунушталган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www