Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт министри Абылгазиевдин иш бөлмөсүнө кирип, отставкага кетүүгө даяр экенин билдирген

 Жанат Бейшенов орун басары пара берип кармалгандан кийин ушундай чечимге келген

КРнын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов орун басарынын пара берип жаткан жеринен кармалганына байланыштуу ээлеген кызматынан кетүүгө даяр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Министрдин айтымында ал премьер-министрдин иш бөлмөсүнө кирип, Мухаммедкалый Абылгазиевге бул тууралуу билдирген.

- Кандай болгон күндө дагы мен моралдык жоопкерчилик тартам, - деп баса белгиледи Бейшенов. Мен жетекчиликке кызматтан алууга чейинки да жаза тартууга даяр экенимди билдирдим.

Эске салсак, транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев 7-февралда УКМКнын кызматкерлери тарабынан 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган

Белгилүү болгондой, аны менен чогуу Автомобилдик, суу транспорту жана салмак габариттик контролдоо мамлекеттик агенттигинин директоруАнарбек Бекмуратов дагы коррупцияга шектелүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх