Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акын Мамбеталиев: Каттоо кызматын жетектөө сунушу мен үчүн күтүүсүз болду

  • 203 жолу кароо

Ал анын дайындалуусу тууралуу өкмөттүн сунуштамасы азырынча чыга электигин белгиледи

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы Акын Мамбеталиев ал бул кызматка дайындаларын күткөн эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына берген маегинде ал өзү билдирди.

Мамбеталиев анын дайындалуусу тууралуу өкмөттүн сунуштамасы азырынча чыга электигин белгиледи.

- Мекемени жетектөө сунушу түшкөн, мен үчүн бул күтүүсүз болду, - деди Мамкаттоонун төрагасы. - Өкмөттүн сунуштамасы азырынча чыга элек. Документтер даярдалып жатат го.

Эске салсак, Мамбеталиев МККнын жаңы төрагасы болуп дайындалган. Буга чейин ал «Инфоком» МИнын директорунун орун басары болчу.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх