Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык спорт комитеттин башчысынын милдетин Кубатбек Дубанаев убактылуу аткарып турмакчы

Эрежесиз эр уруш мушкери «Кылычбек Саркарбаев мени өлүм менен коркутту» деген айыптоолорунан улам убактылуу кызматынан четтетилген

Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин милдетин Кубатбек Дубанаев убактылуу аткарып турмакчыц. Бул тууралуу түштүк калаанын администрациясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Белгиленгендей, Дубанаев бүгүнкү күнгө чейин аталган спорт комитетинде башкы адис кызматын ээлеп келген.

Эске салсак, кечээ Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулунун андан запкы жеп жапканын айтып чыккандан кийин ээлеген кызматынан кеткен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх