Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендик активист айым облустун жаңы башчысы Алишер Абдрахманов Икрамжан Илмияновдун кудасы экенин айтып чыкты

«Өмүрүнүн көбүн гаишник болуп иштеп өткөн кишини өкмөттүн өкүлү кылып дайындап коюшту»

Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов - бийликтин кезектеги марионеткасы. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочусу, жарандык активист Роза Маманова бөлүштү.

- Бул кандайдыр бир өзгөртүү киргизе турган аткаминер эмес, - деп белгиледи ал. - Абдрахманов - бийлик тигини-муну кыл дей алчу кезектеги алардын марионеткасы. Ал буга чейин дагы жетекчилик кызматтарды ээлеп келген. Абдрахманов ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин орун басары болчу. Ал бул кызматты ээлеп турганда эч кандай маселелер чечилчү эмес. Тартип коргоо органдарында иштеген. Демек, ал Баткен облусу аркылуу өткөн контрабанда менен коррупциялык схемаларды беш колундай билет. Өмүрүнүн көбүн гаишник болуп иштеп өткөн кишини өкмөттүн өкүлү кылып дайындап коюшту.

Муну менен бирге жарандык активист Алишер Абдрахманов менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экөө куда экенин да белгиледи (бул маалымат расмий түрдө тактала элек - ред.). Маманованын айтымында, Баткен облусунун жаңы башчысынын бир тууган эжеси Илмияновдун бир туугандарынын биринин жубайы болуп саналат. Чынара Абдрахманова - Лейлектеги № 5 -«Наристе» бала бакчасынын жетекчиси. Активист бул маалыматты Лейлек районунун жашоочулары билишерин белгиледи.

Vesti.kg Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып, Алишер Абдрахмановдун өзүнөн комментарий алууга, ошондой эле жарандык активист тарабынан айтылган маалыматты тактоого кайрылды. Бирок, облустук администрация Абдрахманов али өз милдеттерине кирише элегин, ал 17:00дө жамаатка тааныштырыларын билдиришти.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх