Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Ормонов: Минтранстын бардык жетекчилигин кетириш керек

Парламент мүчөлөрүн министр Жанат Бейшеновдун отставкага кетпей жатканы ачуулантты

Жогорку Кеңеште «Авто жолдор тууралуу» мыйзам долбоору талкууланууда. Документтин демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев доклад менен чыкты.

Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү жыйында транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун келбегине нааразычылыктарын билдиришти.

Эл өкүлү Зиядин Жамалдинов буга чейин Жамшитбек Калилов дагы орун басары пара менен кармалгандан кийин кызматынан кеткенин эске салды.

- Министр эмне кылып жүрөт? Жыйындарга келбей, - деп ачууланды Жамалдинов. - Эки жыл мурда ушул эле министрликтин башчысы орун басарын коррупцияга шектеп кармашкандан кийин отставкага кеткен. Эмнеге азыркы министр муну ойлобойт? Сөзсүз эле президент сын айтыш керекпи?

Башка депутат Улугбек Ормонов өз кезегинде транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев пара берип кармалгандан кийин мекеменин бардык жетекчилигин кызматтан алуу керек эле деген оюн билдирди.

- Бардыгын кетирип, жаңы адамдарды алып келиш керек, - деди ал. - Аткаминер камактагы кишини чыгарыш үчүн пара берди деп шектелип жатат. Демек, алардын бардыгы бирге, ошон үчүн бардыгы жумуштан кетиш керек.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх