Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марлен Маматалиев ашыкча жүк ташыган сапармандарга «бакыт каттарын» жиберүүнү сунуштады

ЖК депутаты салмак габариттик көзөмөлдөө жайларындагы коррупцияны кантип жойсо болорун айтты

Салмак габариттик көзөмөлдөө жайларындагы коррупцияны жойсо болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев айтып чыкты.

«Авто жолдор жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулонун жүрүшүндө парламент мүчөсү кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн жолдорунда адамдык фактор менен паракорлукка жол бербей турган атайын жабдылган автоматтык жайлар орнотуларын белгиледи.

Депутат Сайдолимжон Джураев документтин демилгечилеринен салмак габариттик көзөмөл жайларынын жанынан айдап кетип жаткан айдоочуларга кандай чаралар көрүлөрүнө кызыкты.

Маматалиев мыйзам бузгандарды жазалоо системасы «Коопсуз шаар» долбоорундагыдай эле иштерин тактады.

- Эгерде биз мыйзамды кабыл алсак, анда коррупция жоюлат, - деп эл өкүлү ишенимдүү айтты. - Ашыкча жүк аныкталган учурда унаанын ээсинин үйүнө «бакыт каты» сыяктуу айып пул келет. Транзиттик жүктөргө байланыштуу болсо, айдоочуга өлкөдөн чыгып баратканда бажыдан айып пул салынат. Бул жерде максат акча чогултуу эмес, ашыкча жүк сыяктуу мыйзам бузууларды токтотуу болуп саналарын белгилеп кетүү керек. Башкача айтканда, элдер товарды жүктөөрдөн мурда ойлонуп башташат.

Маматалиев габариттик көзөмөлдөөдө ашыкча жүк салынганы аныкталса айдоочуга ашыкча жүктү таштоо сунушталарын кошумчалады. Баш тартса анда айып пул салынат.

- Камералар ал ашыкча жүктү түшүрдүбү же жокпу каттап турат, - деп белгиледи депутат. - Кызматчылардын штатына байланыштуу болсо, учурда ал жерде 400дөй адам иштейт. Жарымы кыскартылат. Бул жерде алдыбызда үнөмдөп калуу эмес, коррупцияны жоюу тапшырмасы турат.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх