Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Супермаркеттен коньяк уурдаган бишкектик жаран эки айга СИЗО-1ге камакка алынды (фото)

Мындай бөгөт чарасын борбор калаанын Ленин райондук соту тарабынан аныкталган

Бишкектин Ленин РИИБне 17-февралда Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул эле күнү Ч. Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан гипермаркеттердин биринин ичинен жалпы суммасы 13 миң 637 сомдук коньякты уурдашып, изин жашырып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча (уурдоо) сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ленин райондук ИИБнын экинчи шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспекторлордун катышуусунда жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө1994-жылкы О.Э. аттуу шектүү кармалып Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ленин райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх