Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: 7 пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол

Президент керектүү мыйзамдар келерки парламент тандалгыча күчүнө кириши керектигин билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖКда сүйлөгөн сөзүндө үстүбүздөгү жылы парламенттик шайлоолор болорун эске салды.
- Көптөгөн саясий күчтөр активдешип жатат, - деди өлкө башчы. - Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар да күчөйт. Ошондуктан сиздерге кайрыларым, азыр парламенттин кароосунда мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон маанилүү мыйзам долбоорлору турат. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени кийинки парламент келип ишке кергенге чейин зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек.

Жээнбеков көптөгөн мекендештер, айрып депутаттар президенттин 9 пайыздык чек тууралуу пикирин уккулары келип, ага түз же ЖМКлар аркылуу кайрылып жатышканын билдирди.

- Өз кезегинде тогуз пайыздык деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле, - деп сөзүн уланттты ал. -Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген пикирлер айтылууда. 9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент – партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес.

Президент 7 пайыздык босого чек - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин белгиледи.

- 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат. Азыр пайыздык чек боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм.


Сооронбай Жээнбеков бардык партияларга карата бирдей мамиледе болорун айтып ишендирди.

- Партия - коомдун гана бөлүгү, -деп белгиледи ал. - Мен кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы эл үчүн кызмат кылуу үчүн шайлангам. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даярмын.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх