Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таш боюнча кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү

 Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айыптоо корутундусун бекитти

Башкы прокуратура ИИМнин Тергөө кызматынан келип түшкөн Кой-Таш окуясы кылмыш ишин карап чыгып, айыптоо актысынын негизинде Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

2020-жылдын 24-февралда кылмыш ишинин материалдарын изилдеп чыгуунун жыйынтыгында айыптоо актысы башкы прокурор тарабынан бекитилген.
25-февралда айыптоо актыларанын көчүрмөлөрү айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга тапшырылып, ошол эле күнү кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгон дагы 5 киши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Учурда иш ИИМнин ТК тарабынан каралууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх