Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден «Америка жүздөгөн жылдар бою бир мыйзам менен жашап келе жатат. Кыргызстандын Конституциясын тынбай өзгөртүүнүн кажети барбы?» деп сурашты

Депутаттар Конституциялык палатанын судьялыгына үч талапкерди бекитишти

ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерден Конституцияга бир далай жолу киргизилген өзгөртүүлөр туурасында пикирлерин сурады.

- Кээ бир өлкөлөрдө Баш мыйзам жүздөгөн жылдар бою өзгөртүүлөр киргизилбейт, бизде болсо сөздүн баары эле ушул туурасында, - деп белгилеген ал.

Буга талапкерлердин бири Мукамбет Касымалиев АКШда 200 жылда 10дой жолу Конституцияга өзгөртүү киргенин билдирди.

Биз болсо 20 жылда толугу менен жаңы мыйзам киргиздик, анткени, убакыт өзү ошону талап кылган, өзгөртүүлөрдү зарылчылыкка жараша кабыл алуу керек, - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде башка талапкер Латип Жумабаев дагы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү керектигине жараша киргизүү керектигин айтты.

Ал эми Меергуль Бобукеева Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси элден чыгышы керектигин кошумчалады. Мындай учурда өзгөртүүлөрдүн саны мааниге деле эмес.

Эске салсак, бүгүн парламенттин депутаттары жашыруун добуш берүүнүн негизинде Меергүл Бобукееванын, Латип Жумабаевдин жана Мукамбет Касымалиевдин талапкерлигин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына бекитишти.

Жаңы судьялар ант берип, расмий түрдө кызматына киришишти.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх