Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Сапар Исаков өзүн жаман сезгенинен улам Бишкек шаардык сотунун отуруму жылдырылды

Ал тамак-аштан ууланып калыптыр, так эмнеден экенин өзү билбейт, - деп түшүндүрдү юрист

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын СИЗОсуна кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ал кабминдин экс-башчысынын ден-соолугуна байланыштуу Бишкек ЖЭБнин иши боюнча соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 2-мартына жылдырылды.

- Ал тамак-аштан ууланып калыптыр, так эмнеден экенин өзү билбейт, - деп түшүндүрдү юрист. - Азыр Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар бүгүн процесске барбай эле койгону оң экенин айтышыптыр, мындын улам отурум башка күнгө жылды.

Учурда Бишкек шаардык соту мурдагы инстанциянын чечимине каршы аппелляциялык даттанууну карап жатат.

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту Сапар Исаковду мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыраткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх