Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Россиядагы элчилигине оозун тигип алган эркек киши барды

Ал Садыр Жапаровду колдоп жалгыз өзү нааразычылык акцияга чыккан

Кечээ оозун тигип алган эркек киши Кыргызстандын Москвадагы элчилигине барган. Бул тууралуу оперативдик кызматтардагы булактарына таянып, «РИА Новости» маалыматтык агенттиги кабарлады.

Булактын айтымында окуя тууралуу 17:00дө маалым болгон.

Агенттиктин маектеши ал адам эмне максат көздөгөнү белгисиз экенин билдирген. Аны Якиманка полиция бөлүмүнө жеткиришип, дарыгерлерди чакыртышкан.
«Бул чындыкка коошпойт. Дал ушундай окуя болгон жок», - деп Кыргызстандын элчилигин «РИАнын» маалыматын четке какты.
Кийинчерээк Mash Telegram-каналы эркек киши ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоп ал жакка барганын билдирген.
«Жаныбек өзү жалгыз чыккан пикеттин так алдында нааразычылыгын билдирип оозун тигип алган. Ал эми талаптарын плакатка жазып алган:

«Садыр Жапаровго боштондук, мен өзүмдүн өлкөм, мекеним, жаркын келечек үчүн ачкачылык кармайм», - деп билдирет Mash.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх