Кыргызстандык блогер Sydyman үй камагына чыгарылды
Ал аймак аралык кастыкты козутууга айыпталууда
Кыргызстандык блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык сотунун кабарлашты.
Мындай чечимди сот бүгүн кабыл алган.
Эске салсак, блогер аймак аралык кастыкты козуткан сөздөрү үчүн кармалган.
Sydyman Instagram социалдык тармагындагы баракчасына Кыргызстандын айрым аймактарынын жашоочулары жөнүндө терс пикирин билдирген.
Кийинчерээк ал кыргызстандыктардан кечирим сураган видеосун жүктөгөн.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз