Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумга катышат

Биринчи май райондук сотунда алдына ала угуулар 2-мартка белгиленген

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүгө катышат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Алдын ала угуулар 2-мартка белгиленген.

«Кой-Таш окуялары боюнча алдын ала угуулар 2-март, дүйшөмбүгө белгиленди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз позициясын билдирди. Ал соттук териштирүүгө катышып, мыйзамсыздык жана укуктук ээн баштыкка каршы чыккандардын жанында бирге турууга даяр. Иш Биринчи май райондук сотунда каралат. Саат: 9.30», - деп жазган Жолдубаева.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх