Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШга барган Жогорку Кеңештин депутаттарынын маданиятсыздыгы соцтармактарды кыжырдантты (фото)

Рыскелди Момбеков маектешип жаткан айымдын маңдайында колдорун чөнтөктөрүнө салып турган, ал эми Марлен Маматалиев бир бутун артка бүгүп, трибунага таянып турган сүрөттү көргөн колдоонучулар алардын «Ош базарында жүргөндөй» жүрүм-турумун сынга алышкан

Бир нече күн мурда ЖК депутаты Рыскелди Момбеков Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына Вашингтонго барган иш сапарында тартылган сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Сүрөттөрдүн биринде чет элдик кесиптештери менен баарлашуу учурунда, аткаминер айымдын маңдайында колдорун чөнтөктөрүнө салып турган. Бул маалда анын кесиптеши Мирлан Маматалив дагы кимдир-бирөө менен маектешип жатып, бир бутун артка бүгүп трибунаны тээп турган.

«АКШдагы иш сапар алкагында азыркы визалык чектөөлөр боюнча маселени Улуттук Демократиялык институт жетекчилерине жана КШнын конгресс өкүлдөрүнө жеткиликтүү жеткирип, кайра карап чыгуусун сурандык. Дагы алдыда үч күн бою бул маселени көпчүлүк, азчылык өкүлдөрү менен жолугушууда көтөрмөк болдук», - деп жазган Момбеков.

Ал ортодо Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары ата мекендик эл өкүлдөрүнүн мындай жүрүм-турумун туура эмес дешип, этиканын жөнөкөй эрежелерин унутушканын белгилешкен.

«Маданияттын чуу чокусуна жетиптирбиз!!», - деп жазган колдонуучу сүрөттүн алдына.

«Койлор!», «Ош базарында жүргөнсүп», «Элита, буга эмне дейсиң?», «Биздин элита», - колдонуучулар сүрөткө ушул сыяктуу пикирлерин калтырышкан.



Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх