Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум жылдырылды

«Кыязы, бийлик 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары чыга турган митингден чочулашууда»

Кой-Таш окуялары боюнча соттук алдын ала угуулар 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу социалдык тармакта КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева маалымдады.

«Кыязы, бийлик 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары чыга турган митингден чочулашууда», - деп божомолдогон ал.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Кой-Таш окуялары боюнча биринчи соттук отурум 2-мартка белгиленгенин билдирген.

Камактагы ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтары ал ортодо ушул эле күнү митингге чыгышарын айтып чыгышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх