Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо аянтында митингчилер чогула баштады (видео)

Нааразычылык акцияга чыккандар үчүн биотуалеттер алынып келинди

Бишкекте камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтында митингге чогулушууда. Алдын ала маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына учурда 200дөн ашык адам келди. Митингчилер кңздөрү менен Кыргызстандын желеги менен ар кандай мазмундагы плакаттарды көтөрө келишкен.

Аянтка акыркы нааразычылык акцияларында байкалбаган биотуалеттер алынып келинди.

Мындан сырткары, митингдин башталчу убактысы тууралуу дагы ар кандай маалымат айтылып жатты. Акыркы маалыматтар боюнча акция 13:00дө башталмак, бирок, Жапаровдун тарапташтары эки саат эрте чогула башташты.


{youtube}rMfkUa-GWFg{youtube}

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Садыр Жапаровдун тарапташтары экс-депутатты бошотуу талабы менен митингге чыга турганын жарыялаган.

Кийинчерээк ИИМ өлкөдөгү абалды туруксаздыштырууга багытталган аракеттерге кескин чаралар көрүлө турганын эскерткен билдирүү таратканП.

Видео Vesti.kg
Зулайка Эркимбаева
Вероника Малышева

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх