Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМи митингдин алдында эскертүү берди

Милиция өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкканын маалымдады

Кыргызстандагы коомдук абалды туруксаздыштыруу боюнча каалаган аракеттерге мыйзам чегинде кескин чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт.

Милиция коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча керектүү чараларды көрүүдө. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо максатында калк көп чогулган жайларда, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө мыйзам тарабынан белгиленген ыкчам-алдын алуу иштери ишке ашырылууда.

ИИМ бардык жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамды сактоого чакырат. Биз ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүп, демократия берген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт деп эсептейбиз. Мыйзамга каршы аракеттер мамлекет менен коомчулукка эле эмес, өлкөнүн башка жарандарынын дагы коопсуздугуна коркунуч жаратат. Чыр чыгарып, өзүнө пайда алып келүүгө аракеттенген айрым жактарга абалды туруксуздаштыруу ыңгайлуу. Кылган ишке мыйзамдын негизинде жооп берүү керек болот.

Ички иштер органдары бардык мыйзамсыз аракеттерге кескин чара көрмөкчү. ИИМ саясий маселелерге катышпайт, бардыгына бирдей мамиле кылат, бирок, митинг учурунда тартип бузуулар аныкталса бардык фактылар катталат жана мыйзам бузгандарга катуу жазалар көрүлөт.

Ички иштер министрлиги абалды туруксаздыштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды таркатууга мыйзам тарабынан кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх