Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ала-Тоо» универститети студенттерине митингге чыгууга тыюу салды

Алардын бири вуздун администрациясынын чечимин сындап чыкты

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин администрациясы өзүнүн студенттерине камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингине катышууга тыюу салды. Бул тууралуу купуялык шартта окуу жайдын студенттеринин бири маалымдады.

Анын айтымында бул чектөө мыйзамсыз, анткени, Конституцияга ыла йык, ар бир адам тынчтык акцияларына катышууга укуктуу.

- Биз «Ала-Тоо» университетинин «Эл аралык мамилелер» факультетинде окуйбуз жана бизге Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана демократиянын маанилүүлүгү туурасында көп ирет окутушчу, - дейт студент. - Бирок, биздин группабыздын чатына кураторубуздан администрация митингге катышууга тыюу салганы тууралуу билдирүү келди. Кыязы, жогору жактан ушундай тапшырма келген. Эч ким бизге митингге чыгууга тыюу сала албайт.

Эскерте кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүүдө.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх