Журналист Болот Темировго кол салуу. Сот отуруму качан өтөрү белгилүү болду
- жолу 441 кароо
Угуулар Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт
Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча биринчи сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 6-мартында, саат 9:30да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтөт. Бул тууралуу журналист өзү Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Эске салсак, Болот Темиров 9-январда Factcheck сайтынын кеңсесинин жанынан ур-токмокко алынган. Бул кылмышка шектелип 4 адам кармалган..
Журналистке кол салууда анын уюлдук аппараты уурдалган.
ИИМнин басма сөз кызматы буга чейин Vesti.kg сайтына телефон али табыла электигин билдирген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Загрузка...