Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Каныбек Осмоналиев партиялык тартипти бузгандыгы үчүн «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат

Экс-премьер митинг Садыр Жапаровдун абалын оорлоштурду деген пикирде

ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынын жетекчилигине маалымдабай туруп, Садыр Жапаровду колдоо митингинин уюштуруучусу болгону үчүн партиядан чыгарылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ар-Намыстын» лидери, мурдагы премьер Феликс Кулов билдирди.

- Каныбек Осмоналиев партиялык тартипти бузду, - деди ал. Ал экс-депутат Садырп Жапаровду колдоо боюнча штабды жетектеп, митингдин уюштуруучуларынын бири болгонун менн ЖМКлардан билдим. Мен ага бул жакшы идея эмес экенин айткам, анткени, Жапаров өзү митингге чыкпоону суранбадыбы. Аны бошотуу тууралуу маселе али каралып жаткан болчу. Анын үстүнө камактагы экс-депутат митингдин жүрүшүндө чагымчыл аракеттер орун алып, бул анын бошотулушуна бут тосот деп тынчсызданган. Митингдин уюштуруучулары анын сөздөрүнө кулак төшөш керек эле.

Феликс Шаршенбаевич камактагы экс-депутаттары митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүп дагы бир катачылыкка жол беришкенин кошумчалады.

- Алар Горький сейил багында деле митингди өткөрө алышмак да. Бул элдин чындыгында эле Садыр Жапаровдун ден-соолугу менен абалына кабатыр болуп жатышканынын көрсөткүчү болмок,- деп тактады ал. - Ал эми аянтта чогулган элдин көп учурда башкаруу мүмкүн болбой калат, кечээ дагы бир жолу ушундай окуя болду. Каныбек Осмоналиев партиянын жетекчилигине кайрылса, биз ага митинг өткөрүүгө тыюу деле салмак эмеспиз, бирок, Жапаровдун макулдугу менен деген шарт коймокпуз. Осмоналиев өзү партиядан чыгып кетсе экен. Бирок, өзү кетпесе, партия аны чыгарат. Башка жол жок. Анткени, анын аракеттерин айынан биздин партия митингдин уюштуруучусу атка конду, а чынында андай эмес да.

Муну менен бирге Кулов митингден кийин Садыр Жапаровдун абалы оорлошот го деген пикирде.

- Эгерде, буга чейин бийлик аны бошотуу боюнча ойлонуп жатышкан болсо, эми анте албай калышты, анткени, эл бардык маселени көчөгө чыгып чечсе болот деп ойлоп калат, - деп сөзүн жыйынтыктады мурдагы өкмөт башчы.

Эске салсак, кечээ камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтына митингге чыгышкан. Алардын негизги талабы - лидерин камактан бошотуу эле. Нааразычылык акциясынын катышуучулары аянтта 6 саатка жакын убакыт турушуп, андан соң Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алышкан. Акырында милиция чогулган элди суу аткыч унаалар, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп кууп тараткан.

Митингдин уюштуруучулары - Каныбек Осмоналиев менен Амангелди Артыков камакка алынышты.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх