Экс-депутат Каныбек Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга шектелип УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Аны менен чогуу кечээки митингдин дагы бир активдүү мүчөсү кармалды
2020-жылдын 3-мартында УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, 2-мартта өткөн митингтин уютуруучуларынын бири, КР ЖК мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучусу Д.А. кармалды.
Кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда
УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www