Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Президентти кууйбуз, бийликти басып алабыз деген аракеттерди эч качан колдобойм

 

Саясатчы кечээки митингди уюштурууга эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн билдирди

ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев «Коом.пресс» порталына маек куруп, Садыр Жапаровду колдоо митинги боюнча өз пикирин билдирди. Ал эч качан президентти кууйбуз, бийликти басып алабыз деген аракеттерди колдобосун айткан.

«Мен 2-марттагы митингди башынан эле колдоп жардам берген жокмун. Саясий иштериме байланыштуу үч күндөн бери башка аймакта жүрөм, шаарда жокмун. Митинг боюнча бир дагы адам менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин атым аралашып тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анан калса президентти кууйбуз, бийликти басып алабыз деген аракеттерди эч качан колдобойм», - деген Ташиев.

Эскерте кетсек, кечээ Ала-Тоо аянтында ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өттү. Чогулган тарапташтардын саны 100ден ашкан.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх