Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: Мэрия Бишкектин ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу аракети менен өзүнөн жоопкерчиликти алып салгысы келүүдө

Эрик Ирискулбеков борбор калаа бийлигинин аракеттери эмнеге мыйзамсыз экенин түшүндүрүп берди

Бишкек мэриясы борбор калаанын ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу аракети менен өзүнөн жоопкерчиликти алып салгысы келип жатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына юрист, БШКнын мурдагы мүчөсү Эрик Ирискулбеко бөлүштү..

Анын айтымында шаардык муниципалитет митингчилердин укуктарынын сакталышын камсыздоого милдеттүү.

- «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамында кайда жана качан тынч чогулуштарды өткөрүүгө болот экени тууралуу так негиздер бар, - деп тактады юрист. - Аларды билим берүү мекемелеринин, режимдик объектилердин ж.б. жанында өткөрүүгө болбойт. Мыйзам тарабынан чектөө коюлбаган жерде нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салгылары келсе буга эч кандай негиз жок. Мыйзамда ошондой жазылган.

Мындан сырткары, Эрик Белекович, элдер шаардын борборунда акция уюштуруу менен иш-чара элге кеңири тарашын каалашарын кошумчалады..

- Мен мэриянын чечимине кошула албайм, - деп белгиледи ал. - «Ала-Тоо» аянты өз сын-пикирлерин бийликке жеткирүүнү каалагандар үчүн чоң мааниге ээ. Пикеттерди башка жерлерде уюштуруу мынчалык натыйжалуу болбойт.

Эске салсак, кечээ 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өттү.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 



 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх