Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Кечээки окуядан кийин ИИМнин башчысы отставкага кетип калгандан артык эч нерсе кыла албайт

 ЖК депутаты аялдар - жумуртка ыргытып же билек күчүн сынап көрчү бута эмес экенин эске салды

ЖК депутаты Дастан Бекешов пландалып, бирок өтпөй калган аялдар маршы тууралуу пикирин билдирип, президентти толук кандуу жүрүштү уюштурууга катышууга чакырды. Бул тууралуу парламент мүчөсү өзүнүн блогунда жазган.

Бекешев «бет капчан бандиттер аялдардын оозуп жаап, милиция болсо көз көрүнөө аларга мындайга жол бергенин» белгилеген.

Муну менен бирге парламент мүчөсү «жетекчиликтин митингди кууп таратуу боюнча дайны жок тапшырмасын аткарган милиция кызматкерлери өздөрүн оңтойсуз сезишти го» деп божомолдогон

«Кечинде үйүнө барган сержант же старшина жубайы менен кыздарына 18деги кызды автобуска сүйрөгөнүн сыймыктанып айтып бербесе керек. Кылмыштуулуктун алдын алып, кримтөбөлдөр менен күрөшүүнүн ордуна биздин милицияны ушундай тапшырмаларды аткарууга жиберишкени мени өкүндүрөт. Кечээки окуядан кийин ички иштер министри отставкага кетип калуудан башка артык эч нерсе кыла албайт деп ойлойму», - деп жазган ал.

Ошондой эле эл өкүлү 8-мартта аялдардын колдорун толгошуп, жумуртка менен аткылашканына уяларын белгилеген.


Депутат Сооронбай Жээнбековго кайрылып, тең салмактуулукту колдогон бардык адамдар катыша ала турган толук кандуу аялдар маршын уюштурууга катышууну суранган.

«Өлкө башчы катары сиз кыргыз аялдары жумуртка менен атып же билек күчүн сыначу бута эмес экенин көрсөтүшүңүз керек», - деген Бекешев.

Муну менен бирге Дастан Бекешев президенттен Башкы прокуратурага ички иштер органдарынын жетекчиликтеринин иш-аракеттерине укуктук баа берүүсүн буюрууну өтүнгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх