Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шыкмаматов Бишкектеги үзгүлтүккө учураган аялдар жүрүшү үчүн Суракматов менен милицияны сынга алды

Экс-депутат окуяны шаар мэринин чоң катачылыгы деп атады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов аялдардын укуктарын колдоого жана зомбулукка каршы тынч жүрүштүн үзгүлтүккө учураганы боюнча Бишкек мэри Азиз Суракматов менен милицияны сынга алды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазган.Мурдагы парламент мүчөсүнүн айтымында 8-мартка арналган тынч жүрүштү күч менен токтотуу туура эмес болгон.

- Жылда өтүүчү жүрүштүн эч кимге зыяны жок эле го, тим коюшса бир-эки саат жүрүп тарамак, - деп жазган Шыкмаматов. – Аялдардын укуктары корголуш керек деген ураандын эмнеси жаман? Аларга белгисиз бийлик уюштурган эркектер кол салып, ал эми милиция аялдарды кармап кетти.

Ал ошондой эле Азиз Суракматовду дагы сындаган.
- Бул жорук - Суракматовдун чоң катасы болду, - деп сөзүн уланткан Шыкмаматов. - Бул үчүн коомдогу терс маанай көбөйүп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү.



Ал ортодо, Фейсбуктун айрым колдонуучулары Шыкмаматовдун өзүн сындашып, билдирүүсүнүн алдына каардуу пикирлерин калтырышкан.

Гулиза Чудубаева

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх