Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Иса Өмүркуловдун аялы Алмазбек Атамбаевдин кудайындай көрчү

Карамушкина Өмүркуловдордун үй-бүлөсү мурдагы президентти кантип колдоп, макташчу экенин эске салды

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өз убагында президент Алмазбек Атамбаевди эл алдында колдоп чыкчу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты, «социал-демократчы» Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында бардык депутаттар эле мурдагы президентке симпатиясын билдирип турушчу.

- Атамбаевдинк колдоосу жана ишеними үчүн көптөгөндөр депутат болушкан да, - деп эске салды ал. - Мурдагы президентке болгон мамилеси менен колдоосун Иса Өмүркуловдун жубайы - Толкун эл алдында бир далай жолу билдирген. Ал аялдардын уюмун жетектейт. Алар Алмазбек Шаршеновичти кудайындай көрүп, ага колдоо көрсөткөн абдан көп иш-чараларды өткөрүшкөнүн мен билем.

Ирина Юрьевна Өмүркулов жана башка депутаттар мурда Атамбаевди эл алдында сындашпаганын дагы бир ирет белгиледи.

- Атамбаевдин башкаруусун жактырышпагандары эсимде жок, - деп белгиледи ал. - Балким, ашканада же башка жакта урушуп, сөгүшкөндүр, бирок, коомдук аянттарда бардыгы бири бирине жагынып эле турчу. Өмүркулов Атамбаев өлкөнү туура багытта алып бара жатканын жана аны баары колдорун айтчу.

Тактай кетсек, жакында эле Иса Өмүркулов журналисттерге берген маегинде эч кимди, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди дагы колдоого убада бергенин билдирген.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх