Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айнуру Алтыбаева: ЖК депутаттарынан гендердик басмырлоону сезген жокмун

Парламенттеги аял депутаттар кесиптеши Аида Касымалиева сөз кылган Ак үйдө гендердик теңсиздикке дуушар болушпаганын билдиришти

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Super.kg» порталына берген маегинде ата мекендик саясатта кээде гендердик теңсиздик байкаларын билдирди.

Журналисттин саясаттагы, анын ичинде Ак үйдөгү гендердик басмырлоо боюнча берген суроосуна парламент мүчөсү төмөнкүдөй жооп берди:

«Бул коомдогу көйгөйлөрдүн бири. Саясат коомдун күзгүсү болгондуктан, мында деле теңсиздик байкалат. Мен айтат элем, саясатта аялдардын потенциалы толугу менен ачыла элек, айымдар басмырланып турат демек болот», - деген Аида Касымалиева.

Буга байланыштуу Vesti.kg Жогорку Кеңештеги айым-депутаттарга кайрылып, алар эркек кесиптештеринен кандайдыр- бир бөлүп-жарууга дуушар болуп көрүшкөнбү-жокпу кызыкты.

КСДП парламенттик фракциясынын мүчөсү Евгения Строкова парламентте эркек-кесиптештери тарабынан гендердик жактан да, улуттук белгилери боюнча эч кандай басмырлоону сезбегенин айтты.

- Аялдардын потенциалы толугу менен ачылбаганына кошулам, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Жогорку Кеңеште аялдардын саны абдан аз. Саясатта жакшы жагынан алганда, эң активдүүлөр бул аялдар. Алар көбүнчө баштаган ишин аягына чейин чыгарганга аракет кылышат. Дискриминацияга байланыштуу, андай деле жок го, менимче. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, эч качан басмырлоого дуушар болгон эмесмин. Мени менен эсептешип турушат, буга ыраазымын. Мен башка улуттун өкүлү экенимди белгилеп кетким келет, бул боюнча деле эч кандай басмырлоо жок. Анын үстүнө кыргыз тилинде сүйлөйм деп айта албайм. Мен чыгып сүйлөгөндөн коркпойм. Болгонун болгондой айтам.

Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева дагы Vesti.kg сайтына берген маегинде Ак үйдөгү кесиптештери тарабынан басмырлоого туш болгонун айтты.

- Тилекке каршы, учурдагы чакырылышта бир дагы аял жок фракциялар бар, - деп кейиди ал. - Азыр эгерде аял депутат мандатын тапшырса ордуна аял келиши керек деген өзгөртүүлөр мыйзамга кирди. ЖК депутаттары абдан көп жумушту аткарышты. Президент биздин акыркы мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөргө кол койду. Менимче, демократиялык башкарууда аялдарга колдоо көрсөтүүгө саясий эрк бар. Мен Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан эч качан гендердик басмырлоого дуушар болгон эмесмин.

ЖК депутаты Аида Исмаилова дагы кесиптештеринин пикирине кошулат.

- Мен кесиптештерим тарабынан кысымка кабылган эмесмин, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Эркектер менен катар эле иштейм. Бирдей укуктарга ээ экенибизди сезем. Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаеваны биз жакшы билебиз. Бизде бардык тармактарга салым кошкон ишмер аялдар илгертен болуп келген. Мисалга, катары менен эки мөөнөт бизде башкы прокурорлукта аялдар отурган. Азыр Жогорку сотту, Борбордук шайлоо комитетин аялдар жетектейт. Биздин укуктар эч кандай басмырланган жок.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх