Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмамбет Шыкмаматов президенттик деп эсептеген партиялардын аттарын атады

«Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери парламентке оппозициялык партия менен кайтууга ниеттенүүдө

«Мекеним Кыргызстан», КЛДП, «Биримдик» жана «Кыргызстан» — президент менен бийликтин партиялары. Бул тууралуу журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал «Ата Мекен» партиясы учурда кыйын абалда турганын, бирок, сөзсүз андан чыгарын айткан.

«Мен «Ата Мекенге» эми кайтпайм, алар менен байланышымды үздүм, бирок, алар кризистен чыгып кетет деп ишенем», - деген Шыкмаматов.

Мындан сырткары, мурдагы эл өкүлү шайлоого оппозициялык партия менен аттанып, парламентке кайтып келерин кошумчалаган.

«Мен шайлоого бийликчил партия менен барыш үчүн «Ата Мекенден» кетиптирминби? Мен парламентке оппозиция менен келем. Менде бул бийликчил төрт партияга тең киргенге мүмкүнчүлүк барю Эмнеге мен жаңы «Биримдик» партиясынын аркасынан чуркашым керек. Ал президенттин партиясы», - деген саясатчы.

Шыкмаматовдун билдирүүсүнө жооп кылып, КЛДП аны партияга чакырышпаганын билдиришти.

«Ар бир инсан коомчулукка өз пикирин билдиргенге укуктуу. Биз Шыкмаматовду партиябыздын катарына кошулууга чакырбаганыбызды белгилеп кеткибиз келет. Интернеттеги каралоого карабастан бизге колдоо көрсөтүп жаткан жарандарыбызга ыраазыбыз», - деп билдиришти партиядан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх