Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрат Осмоналиев: Эки жума мурда Эрлан Абдылдаев КРнын Германиядагы элчисине талапкер экенин уктум

Ал эми Дипакадемиянын мурдагы проректорунун өзүнө Азербайжандын элчисине талапкерликке катталууга уруксат бербей коюшкан

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков Дипломатиялык академиянын мурдагы проректору, БШКнын учурдагы мүчөсү Кайрат Осмоналиевди Кыргызстандын Азербайжандагы элчисине талапкерликке каттоодон баш тартып койгон.

- Эки жума мурда эле Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматына талапкер экенин билчүмүн, - деди Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мага бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Абдылдаев тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен абдан ынак мамиледе. Бул жагдай демек абдан чоң мааниге ээ. Мисалга, менин талапкерлигимди Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигине сунушташкан. Мага сунуштоо да жазып беришкен. 2018-жылдан бери бул кызмат бош турат. Мен сунуштоону Данияр Сыдыковго алып бардым. Ал «бизде талапкер бар» деп койду.

Дипакадемиянын экс-проректорунун пикиринде элчиликтердеги кызматтар алдын ала эле аныкталып турат.

- Талапкердин жеке программасы барбы-жокпу деле маанилүү эмес, деп сөзүн улантты Кайрат Медербекович. - Азыр муну караган эч ким жок. Бизде түшүнүксүз дайындоолор толтура. Акыры президент баарын чечет. Парламентте Абдылдаевдин талапкерлигин эле жактырышат го. Эрлан Абдылдаев негизи TBEA иши боюнча Сапар Исаковдун жанында отурганы туура болмок. Анын күнөөсү далилденген. Бирок, кандайдыр бир жол менен ал суудан кургак чыгып кетти. Менин түшүнгөнүм боюнча Абылдаевди тартип коргоо органдары сактап коюшту окшойт.

Тактай кетсек, «АкиПресс» МИ жеке булактарына таянып, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына талапкер экенин жазып чыкканя.

Белгиленгендей, эртең ЖКнын эл аралык иштер, коргоонуу жана коопсуздук боюнча комитети бул дайындоону карап чыгат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх