Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бермет Акаева Бишкекке Айдар Акаевдин кыркын өткөрүүгө учуп келди

 Айдар Акаевдин кыркына КРнын биринчи президентинин келини Сайкал Чокубаева, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Руслан Казакпаев, Феликс Кулов жана башкалар катышты

Кечээ, 16-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде КРнын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдардын кыркы өткөрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президентикке экс-талапкер, укук коргоочу Токтайым Уметалиева билдирди.

Анын айтымында иш-чарага маркумдун эжеси Бермет Акаева катышкан.

- Кыркылыкка Бишкекке Бермет менен Саадат Акаевалар келишти,- деп тактады Уметалиева. - Айдар Акаевдин жубайы Сайкал Чокубаева да балдары менен келди. Аскар Акаевич менен Майрам Дуйшеновна келишкен жок, анткени, кечээ Москвада да бир убакта Айдар Акаевдин кыркын өткөрүштү.

Ал маркум Айдар Акаевдин арбагына багышталган иш-чарага Өмүрбек Текебаев, Руслан Казакбаев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Бахадыр Сулейманов жана башка саясатчылар келишкенин кошумчалады.

-Апас Жумагулов абдан жакшы сүйлөдү, - деди укук коргоочу. - Ошондой эле Айдар тууралуу видео көрсөтүлдү. 2 саатка жакын созулду иш-чара. Бардык достору катышты, кээ бирлери Москвадан учуп келишти.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-февралында Айдар Акаев жүрөгү кармап мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы белгилүү болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө өткөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Oleg 16.03.2020 17:49
Табаа эмес тооба, бирок жаман айтпай жакшы жок демекчи, А.Акаев бийлеген мамлекетибиздин кризиске кептелип, бийлик бир ууч жемкорлордун колунда узурпацияланышынын бирден бир себеби ушул балдары болгон эмес беле, мунун баарын эл али эсинен чыгара элек, ушуну биле туруп маркумдун кыркын себеп кылып бул шүмшүктөрдүн куулган жерине кайтып келишке [упс, чуть не ругнулся]алык моралдык укугу бар эле? Бул шылтоо гана, ушинтип боор оорутуп, эптеп кайтып келип алып, жалама жасакерлердин арты менен кайра бийликти тартууга койгон аракет эмеспи бул, ыя?
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх