Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын өкмөтү салык жана кредиттик каникул киргизиши мүмкүн

Коронавирус пандемиясынын маалында бюджет катуу үнөмдөө режиминде сарпталууда

Кыргызстан өкмөтү коронавирустун эпидемиясы маалында салык жана кредиттик каникул киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Мамлекеттик штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

- Божомолдор боюнча, эгерде дүйнө жүзүндө вирустун жайылышы боюнча абал курчуй турган болсо, Кыргызстандын бюджети 20 миллиард сомго чейин жоготушу мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Бирок, бул эң кооптуу сценарий. Азырынча биз катуу үнөмдөө режимине өтүп жатабыз. Акыркы эки айдын жыйынтыгына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы салык жыйноо планын толугу менен аткарды, бирок, бажы төлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү бир аз төмөндөгөн. Азыр биз тобокелдиктер бар экенин түшүнүп турабых. Өкмөт салык жана кредиттик каникулдарды киргизүү маселесин карап жатат.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх