Каныбек Иманалиев: Эрлан Абдылдаев менен Нурлан Абдрахманов - татыктуу кадрлар
ЖКнын профилдик комитети бир добуштан КРнын Германиядагы элчиси жана Стамбул шаарындагы башкы консул кызматтарына талапкерлерди жактырды
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлигин жана Стамбул шаарындагы башкы консулдукка Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат, аталган комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев билдирди.
- Бүгүн Эрлан Абдылдаев менен Нурлан Абдрахманов профилдик комитеттин жактоосуна ээ болушту. - Биз аларды татыктуу деп эсептейбиз. Экөө тең жетиштүү дипломатиялык тажрыйбага ээ. Бардык кесиптештер бир добуш менен кабыл алышты.
Эрлан Абдылдаев 2012-жылдан 2018-жылга чейин тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Учурда КРнын Германиядагы элчиси болуп Эринес Оторбаев саналат.
Нурлан Абдрахманов тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлейт.
Буга чейин Стамбул шаарындагы башкы консул кызматын Эркин Сопоков аркалаган. Ал өткөн жылдын ноябрь айында ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан чырдан кийин жумушунан алынган.
Медина Купсулдаева
Фото www