УКМК «Мекеним Кыргызстан» партиясынын провокаторлор боюнча айткан билдирүүсү жөнүндө айтып берди
Буга чейин белгисиз адамдар саясий бирикменин атынан жасалма акча салынган конверттерди таратышканы жөнүндө маалымат тараган
УКМКга «Мекеним Кыргызстан» партиясынан арыз келип түшүп, анда алар саясий бирикменин атынан жасалма акчаларды тараткан чагымчыларга арызданышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин билдиргенине караганда, арыз прокуратурага кайра жөнөтүлгөн.
Эске салсак, кечээ «Мекеним Кыргызстан» партиясы Караколдо шугулданган чагымчылдарга чара көрүү талабы менен тартип коргоо органдарына кайрылган.
Белгисиз адамдар шаардыктарга ичинде жасалма 2 000 сомдук акча салынган саясий бирикменин символикасы бар конверттерди таратышууда.
Гулиза Чудубаева
Фото www