Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Абжалиев ажылыктан келип, жолугушууларды өткөрүүгө жетишкен таанышы жөнүндө айтып берди

Парламент мүчөсүнүн пикиринде эл коронавирус боюнча абалга жеңил ойлуулук менен кароодо

ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев парламенттин жыйынында Меккеден келип, бир катар жолугушууларды өткөрүп жиберген таанышы жөнүндө сөз кылды.

- Эртең менен үч жарандан коронавирус чыкканы белгилүү болду, - деп эске салды ал. - Менин бир таанышым 12-мартта Меккеден учуп келген. Ал бардыгы менен кезигип чыкканын айтты. Кечээ аларды «Ак Кеме» мейманканасына жаткырышты. Айтор, бардык адамдар аралашып калды. Европа ушул үчүн кооптуу аймакка айланган. Элдер жеңил ойлуулук кылып жаткандай туюлат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх