КРнын ТИМи Кыргызстанга кайсы категориядагы жарандар кире алышарын тактады
Бүгүн түнкү 12де мамлекеттик чек аралар расмий түрдө жабылат
Бүгүн, 19-мартта, түнкү 00:00дөн баштап Кыргызстан чет элдик жарандар үчүн расмий түрдө чек араларын жабат. Өкмөттүн токтомуна кол коюлду. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
Буйрукка «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинин, «КРнын мамлекеттик чек аралары жөнүндө»мыйзамынын 31-беренесинин, «КРнын жарандарынын саламаттыгын сактоо жана коомдук саламаттык жөнүндө» мыйзамынын жана «Өкмөт жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелеринин негизинде кол коюлду.
Абдрахмановдун айтымында төмөнкү жактарга тыюу жайылтылбайт:
-эл аралык жүк ташуу жүргүзгөн айдоочулар;- аба кемесинин экипаждары;
- поезддик бригадалар;
- дип.өкүлчүлүктөрдүн аккредитациядан өткөн жана дайындалган кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардын аккредитациядан өткөн жана дайындалган кызматкерлери;
- аталган жактардын үй-бүлө мүчөлөрү, алардын келиши тууралуу ТИМ аркылуу убагында кабарлануусу шарты менен.
- Казакстан жана Өзбекстан аймактарында ID паспорттору боюнча күн сайын темир жолдогу ишти камсыз кылган «Кыргыз темир жолу» МИнын кызматкерлери.
- туугандык катыштыгын документалдык жактан тастыктай алган же КРнын туруктуу жашоо укугуна ээ болгон КРнын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болгон чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок жактар.
ТИМ убактылуу жарандардын бардык категориясына кирүү визаларын каттоону токтотту.
Фото www