ЖК депутаты: Өкмөттүн шалаакылыгынан Кыргызстанга вирус кирди
Аткаминерлерге кандай тартипте суроо берилери депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрдү
Жогорку Кеңеште бүгүн өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча өкмөттүн маалымат берет.
Парламент спикери Дастан Жумабеков аткаминерлер коронавируска каршы күрөшүү боюнча ишин андан ары улантуу үчүн депутаттар кыскача маалыматты угуп, эң маанилүү гана суроолорду берүүгө тийиш экенин тактады.
Кээ бир депутаттар буга каршы чыкты.
- Өкмөттүн шалаакылыгынан өлкөгө вирус кирди, канча айдан бери ал жөнүндө сөз болуп жатты, Кыргызстан баары бир ага даяр эмес болуп чыкт, - деди депутат Ирина Карамушкина. - Маалыматтарды биз ЖМКлардан угуп жатабыз. Менимче маалыматты угуп чыгып, чечим чыгарышыбыз керек.
Депутаттар фракциялардын лидерлерине, ошондой эле ар бир партиядан үч өкүлгө сөз берүү сунушун айтышты. Өкмөт менен 13:00гө чейин иштешүү сунушталды.
Сунуш добушка коюлду.
Фото www